Бүгүн Бишкекте кар жаайт

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Күндүзү 0…+2 градуска чейин жылуу болуп, түнү -4, -6 градуска чейин суук болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 14 метрге жетиши мүмкүн.

Буга чейин 29-октябрда Бишкекте кыламык кар жааган күнү жылуулук электр борборун ак буу каптап, борбор шаарда жапырт электр энергиясы өчкөн.

Чүй, Талас облусунун кээ бир аймактарында жана Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирет.
Абанын температурасы Чүйдө +3, Таласта +1, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын температурасы +8 градуска чейин көтөрүлсө, Ысык-Көлдө +7 градус жылыйт, Нарында абанын температурасы 4 градуска чейин жылыйт.