«Бааны эки-үч эсе кылбай, элди ойлоп коюуну суранам». Депутат Айгүл Айдарова соцтармактагы баракчасы аркылуу ишкерлерге кайрылды.
«Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө каатчылык болуп жатат. Өлкөбүзгө товар, тамак-аш, кийим- кечек алып келгенде, бааны эки-үч эсе кошпой, элди ойлоп бааны ыңгайлуу коюуңарды суранып кетем. Карапайым эл үчүн оор болуп жатат. Ар бирибиз өз элибизди ойлойлу. Ошол эле сиздин тууганыңыз, ошол эле сиздин айылдашыңыз кыйналууда! Бааны туура коюуга чакырам», — деп жазылат кайрылууда.