Адахан Мадумаров «саясатка барып жатканда баарына даяр болуш керек» дейт

Бүгүн, 31-майда депутат Адахан Мадумаров маалымат жыйын өткөрдү. Анда ал журналисттин «эми эмне кылып коргоносуз, же ошол боюнча эле калтырасызбы?» деген суроосуна жооп берди.

«Мурдагыдай эле эмне кылышса, ошо кылышсын. Эмнеге күчү жетсе, кыла беришсин. Баары аягына чыгат. Мен баарына даярмын. Адам төрөлгөн соң баарына даяр болушу керек. Адам саясатка барып жатканда да баарына даяр болушу керек», — деди ал.