«Баары чет өлкөгө качып кетишкен». Комитет жыйында Курултай мыйзамы үчүн ызы-чуу чыкты

«Эгер дагы бир башаламандык болуп кетсе, курултай эмне иш аткарат?» деди депутат Мейкинбек Абдалиев парламенттин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитет жыйынында.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин жыйынында депутаттар “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулап жатышат.

«Кудай андан сактасын. Эгер ошондой болуп калса, шашылыш түрдө Курултай чакырылат. Өткөндө билесиңер, Жогорку Кеңештин депутаттарынын баары кетип калган. Бир да өкүлү калбай калган. Ошондо элдин үнүн уга турган башка бутак жок болуп калган», — деди Чолпонбек Абыкеев. 

«Маңызы ошого баратат. Ошондой окуя болуп кетсе, Жогорку Кеңеш же башка болбошу керек. Силер топтолуп, Кыргызстандын келечегин же президенттин милдетин аткаруучу дейбизби, ошону чечесиңер. Түп тамыры ошондо туурабы?» — деп сурады депутат.

«Бийлик бутагынын ээси — эл», — деди Абыкеев.

«А Жогорку Кеңеш деген ким?» деген депутаттын суроосуна бул жерде сөз Жогорку Кеңеш тууралуу болбой эле экенин айтты. «Жогорку Кеңеш качып кетип, таппай калбадык беле», — деди Абыкеев. 

«Качып кетпей эле, Жогорку Кеңеш чечим чыгарып берди»,- деди депутат.

Комитет төрайымы Чолпон Султанбекова сүйлөөрдөн мурун ойлонуу керектигин айтты.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев ачууланды. «Каякка качып кетти? Ошону айтыңызчы сиз? Эл угуп жатат да. Депутаттар качып кетти дейт. Каякка качып кетти? Ким айтат?» — деди Нурбек Сыдыгалиев.

Залдан бирөө «баары чет өлкөгө качып кеткен» деп кыйкырды.

Султанбекова депутаттардын чет өлкөгө качып кеткенин айткан жаранды сыртка чыгарууну суранды.