«Баары эле Курсан Асановду, мени барбайсыңарбы дешет… Башкалар эмне кылат?». Сыймык Жапыкеев да үн катты

Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан кеткен Сыймык Жапыкеев соцтармактагы баракчасы аркылуу чек арадагы жаңжал боюнча үн катты.

«Азыр дүрбөлөңгө түшпөй, тынчтанып турсак. Согуштун башы «Головной» суу өткөрмөсү талашка түшкөнүнөн болду. Аны Улукбек Марипов ойлонбой тажиктердики деп айтканы бар. Тажиктер кыргыз өкмөт башчысы айтты деп тилден алышкан. Согуш чыкты.
Баары эле Курсан Асановду, мени генералдар барбайсыңарбы деп кекеткендер бар, достор, биз барып эмне таш менен согушабызбы? Коопсуздук кеңеши, Башкы штаб, Коргоо министрлиги, УКМК, Чек ара кызматы жана башка күч органдары жөнгө салышсын. Алар эмне кылат?
Биз качпайбыз, турабыз. Кудай сактасын, согуш күчөп кетсе бирибиз калбай чыгабыз. Азырынча бийлик чечсин. Эки тараптын президенттери, өкмөт башчылары, элчилери сүйлөшсүн», — деп жазды Сыймык Жапыкеев.