Бабанов эртең УКМКга суракка барат

Мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов эртең, 9-январда саат 10:00дө УКМКга суракка барат. Кечээ, 7-январда УКМК саясатчыны суракка чакырганын маалымдаган. Анда бир катар кылмыш иштери боюнча тергөө уланып, анын алкагында Бабанов фигуранттардын бири катары өтүп жатканы айтылган. Бирок так кайсы кылмыш иштери экени тууралуу УКМК тарабынан маалымдалган эмес.

Буга чейин бир канча ирет УКМК менен Финполго суракка кирип-чыккан Өмүрбек Бабановго карата 8 кылмыш иши козголгону белгилүү. Өзү бул иштер боюнча “2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин башталган саясий куугунтук” деп комментарий берип келет.

5-6-октябрь окуяларынан кийин Бабанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен күч бириктирип, 9-октябрда “Ала-Тоо” аянтына митингге чыккан болчу. Ал башаламандык менен аяктап, Атамбаев кармалган жана ушул күнгө дейре камакта. 5-ноябрда Бабанов ошол кезде мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров менен жолукканын айтып, президенттик шайлоого катышпай турганын жарыялаган эле.