Бабанов президенттик шайлоого катышпайт

Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышпайт. Ал бул тууралуу социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу жарыялады. Бабанов кечээ, 5-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен жолукканын, өлкөнү демократиянын нугунда өнүктүрүү боюнча пикирлери окшош экенин жазган. Билдирүүнүн аягында Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын кошумчалаган.

Өмүрбек Бабанов үч жыл мурда болуп өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон. Шайлоодон кийин саясаттан кеткенин жар салган.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Талапкер болууга Борбордук шайлоо комиссиясына 9 киши арыз берди. Алардын арасында Адахан Мадумаров, Канат Исаев бар. Садыр Жапаров биринчилерден болуп президенттик шайлоого катышарын айткан, бирок арызын БШКга алып бара элек. Арыз берүү мөөнөтү 15-ноябрда аяктайт.