Бабанов убада кылган 100 миллион сом казынага түштү

Өмүрбек Бабановдун 100 миллион сому Экономика жана финансы министрлигинин депозиттик эсебине түштү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкенин Kaktus.media жазды.

Каражат 29-мартта жеке жактын ыктыярдуу кайрымдуулугу иретинде которулган. Ал акчаны эмнеге коротушары азырынча белгисиз. Өкмөт каражатты кайсы максатта коротууну аныкташы керек, андан соң Каржы министрлиги аларды бөлүп берет, азырынча алар депозиттик эсепте туруп турат.

Өмүрбек Бабанов Финпол жана УКМК тарабынан козголгон бир нече иште фигурант катары өтүп жаткан. 24-мартта «мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирген фактылар аныкталган жок» деген жүйөө менен бардык иш токтотулуп, Бабанов колдоо иретинде мамлекетке 100 миллион сом которуп берери айтылган.