Бабур Төлбаев жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен катышат

Бүгүн, 28-февралда Бишкекте «Ата-Журт Кыргызстан» деп аталган партиянын курултайы өттү. Анда партия 11-апрелде боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого бардык аймактардан катышары айтылды.

Жыйында партиянын төрагасы Айбек Маткеримов, Бишкек шаары боюнча лидери Бабур Төлбаев экени жарыяланды.

41 жаштагы Айбек Маткеримов 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясынын тизмеси менен № 84 талапкер болуп катышкан. Бул партия добуштардын 6,92 пайызын алган.

45 жаштагы ишкер Бабур Төлбаев быйылкы президенттик шайлоого катышып, добуштардын 2,35 пайызына ээ болгон, анын көпчүлүгүн ал Бишкек шаарынан алган эле.

Былтыр жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо саясатчы Камчыбек Ташиев жетектеген «Мекенчил» партиясы быйылкы шайлоолорго катышпай турганы жакында белгилүү болду. Партияга буга чейин президент Садыр Жапаров да мүчө болгон.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясын учурда социалдык тармактарда бийликчил партия болорун кызуу талкуулап жатышат.