БАЭнин министри: «Кыргызстандын таза суусун чет өлкөгө таанытып, экспорттоого көмөктөшөт»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөгө иш сапары менен келген Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдулла бин Таук Аль Марри менен жолугушууда бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты.

«Сиздин сапарыңыздын жыйынтыктары, Кудай буюрса, бир туугандык мамилелерибиздин мындан ары бекемделишине чоң түрткү беришине чоң үмүт артам. Кыргыз-эмират соодасынын көлөмү 2021-жылы дээрлик 70 миллион долларды түзгөн.  Бул, албетте, жакшы динамика, бирок көрсөткүчтөрдү 3-4 эсеге чейин көтөрүшүбүз зарыл”, — деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри жогорку деңгээлде тосуп алып, меймандостукту көрсөтүп жаткан кыргыз элине ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан менен сунушталып жаткан долбоорлор үстүндө иштешүүгө кызыкдар экендигин билдирди. “Биз Кыргызстанга бизнесмендер, ири компаниялар, туризм, энергетика, айыл чарба тармактарынын өкүлдөрүнөн куралган 40 адамдан турган делегация менен келдик. Негизинен сиздер менен энергетика, тоо-кен, туризм тармактары боюнча кызматташууга кызыкдарбыз. Сиз тараптан айтылган бардык сунуш-пикирлерди эске алып, аны ишке ашырууга даярбыз”, — деди министр. Мындан сырткары ал Кыргызстандын таза суусун чет өлкөгө таанытып, экспорттоого көмөктөшөрүн кошумчалады.

Тараптар Кыргыз Республикасынын суверендүү фондун түзүү, эмират-кыргыз инвестициялык фондун жана БАЭде инвестиция тартуу борборун түзүү боюнча иштерди баштоону макулдашты.