Байсалов «камалбаган деле саясатчы калган жок» десе, Маткеримов «чоң кызматка барыш үчүн камалып чыгыш керекпи?» деп сурады

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңеште жыйын өтүп, анда Санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Талантбек Имановду дайындоого макулдук берүү каралды. Депутат Жеңишбек Токторбаев министрликке талапкерден ага карата УКМК тарабынан кылмыш иши козголгонун, бир ай камакта кармалганын, кийин ал токтотулганын айтып, иштин чоо-жайын сурады. Ал ушул эле суроосун бир канча жолу кайталады.

«Мен бир ай жаткан эмесмин. УКМК тарабынан козголгон иш боюнча билбейт экенмин», — деди Талантбек Иманов.

Кийин ушул өңдүү эле суроону депутат Улугбек Ормонов узатты. «Кылмыш иш козголгону факт. «Улан» заводу боюнча козголгон. Ал жерде Талантбек Иманов убагында жетекчи болуп иштеген. Эмне кылмыш иши жабылганбы?» — деп сурады депутат.

Буга карата Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жооп берип жатып: «Азыркы учурда Кыргызстанда камалбаган деле саясатчы калган жок. Баардыгыбыз мамлекет башчыдан тартып соттолуп, бир айлап, бир жылдап кармалып, шектүү да болуп калуу оңой болуп калды. Биздин жаш талапкерге өтө чоң шектенүүлөр, текшерилбеген маалыматтар айтылып жатат. Бул калп. Президент мырза тарабынан чоң ишеним көрсөтүлүп жатат», — деди.

Андан ары депутат Айбек Маткеримов ушул эле жагдайга токтолду. «Эмне чоң кызматка барыш үчүн камалып чыгыш керекпи? Же ошондой критерий киргизип койдуңуздарбы? Жоопторду берип жатканда ойлонуп берсеңиздер», — деди ал.