Байсалов Садыр Жапаровго болушуп, аны Петр I, Назарбаевге салыштырды

Жаңы президент Кыргызстандын жүзүн тактакыр башкача кылып өзгөрткүсү келет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Президент өнүгүүнүн жаңы багытын издейт. Ал жөн гана өнүгүү эмес, жаңы деңгээлге чыгууну каалайт. Өнүгүү үчүн эски териден чыгып, жаңы символ, жаңы ойлор керек. Мисалы, Петр I жаңы Орусияны ойлоп чыгып, бирок ал муну кыштактай болгон Москвада жасай албасын, императордук Петербургду куруу керек экенин түшүнгөн. Ал эми биздин замандашыбыз Назарбаев жаңы казак мамлекети кандай экенин өз элине да, бүткүл дүйнөгө да көрсөтүү үчүн Астананы курушу керек болчу. Мындай мисалдар көп.

Садыр Жапаров да өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы доорун үч ирет тебеленген Ак үй менен же эски аянттагы Раззаков-Усубалиевдин имараты менен байланыштырууга болбостугун түшүндү. Ал эми Санкт-Петербургда да, Астанада да курулуш долбоору боюнча кандай сындар болгонун тарыхтан баарыңар жакшы билесиңер. Эл эмнени гана айткан эмес. Чыгымдар эсептелген. Жана ошондой эле Садыр Жапаровдун пландары, көрөгөчтүгү анын бардык оппоненттерин, сынчыларды катуу кыжырдантат. «Карачы, ал дагы эмнени ойлоп тапкан! Кичирайонго бала бакча куруп, ошол айылдык мектептин чатырын оңдоо керек болуп турганда жаңы хансарайдын эмне кереги бар!!!» Ар бир жетекчинин тагдыры ушундай. Анын көз карашы өлкөнүн өнүгүүсүнөн алдыда. Артында өлкөнү, элди жетектейт. Лидерлик деген ушу. Азыр урушушса, балким кийин макташат», — деп жазды ал.