«Бир катар маалымат сайттарда Эдиль Байсалов кызматтан кетип, анын ордуна Догдуркүл Кендирбаева, ал эми Социалдык фондунун жетекчиси Бактияр Алиев кызматтан алынып, анын ордуна Канат Асангулов дайындалыптыр деген маалыматтар тарап жатат». Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына жазды.
«Мындай маалыматтар чындыкка коошпойт, жогорудагы аты аталган жетекчилерге байланышкан кадрдык чечимдер кабыл алынган эместигин билдиребиз», — деп жазылат билдирүүдө.











