Галина Байтерек: «Жапыкеевге генерал-майор наамы берилген-берилбегенин билбейм»

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев мындан 11 күн мурда ага генерал-майор наамы ыйгарылганын жарыялаган эле. Ал өзүнө бул жогорку наамды ыйгаруу тууралуу президенттин жарлыгы 4-мартта эле чыкканын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген болчу. Бирок андан бери дээрлик 20 күн өткөнүнө карабай, бул маалымат расмий ырасталбай келет.

Сереп Медиа маалымат агенттиги президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнө кайрылганыбызда, Сыймык Жапыкеевге генерал-майор наамы ыйгарылып же ыйгарылбаганы тууралуу маалымат жоктугун билдиришти.

«Генерал-майор деген наам берилгени тууралуу мага эч кандай маалымат келген жок. Аны ким айтканын билбейм. Бизден өткөн жок, мен ал наам кандай негизде берилерин жетекчиликтен сурап көрдүм эле. Кол башчы кимге, качан беришти өзү чечет экен. Бул тууралуу маалыматты ким билерин да билбейм», — деди Галина Байтерек. 

Сыймык Жапыкеевдин өзүнө бул боюнча байланышууга азырынча мүмкүн болбой жатат.