Бажы кызматы Кыялбек Мукашевдин эмнени айткысы келгенин түшүндүрдү

Neal Browning receives a shot in the first-stage safety study clinical trial of a potential vaccine for COVID-19, the disease caused by the new coronavirus, Monday, March 16, 2020, at the Kaiser Permanente Washington Health Research Institute in Seattle. Browning is the second patient to receive the shot in the study. (AP Photo/Ted S. Warren)

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай бөлүгүндө жайгашкан өткөрүү пункттары аркылуу жүк өткөрүүнү көбөйтүү үчүн Кытай тарап менен туруктуу негизде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кезектеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айым Кытай Эл Республикасында калкты эмдөөдө жигердүү жүрүп жатканын билдирген.

«Элчи чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында өткөрүү пункттарынын кызматкерлерин, айдоочуларды, товарларды жана транспорттук каражаттарды ташуу менен алектенген башка адамдарды приоритеттүү тартипте вакцинациялоону сунуш кылгандыгын эске алып, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев Кыргыз Республикасынын калкына эмдөө жүргүзүү жөнүндө айтып жатып, товарларды жана транспорттук каражаттарды ташуу менен алектенген адамдарды вакцинациялоо катары мааниде билдирген. Кытай тарап менен биргеликте Торугарт жана Эркечтам өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташууну көбөйтүү боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилей кетүү керек», — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 12-июлда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев Кытай кыргыз элинин 70 пайызы коронавируска каршы эмделиши керек экенин айтып жатканын билдирген. Ошол эле күнү бул маалыматты Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги фейк деп атап, Кытай өкмөтү «элдин жашоосу баарынан жогору» принцибин карманарын жана Кытайдын башка мамлекеттерге калкты эмдөө боюнча эч кандай талап койборун билдирген эле.