Бажы кызматына жаңы жетекчи болуп Адилет Кубанычбеков дайындалды

Бажы кызматына жаңы жетекчи болуп Адилет Кубанычбеков дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бүгүн, 26-октябрда Адилет Кубанычбеков жамаатка тааныштырылды. Мындан тышкары анын орун басарлары болуп — Эрик Ирискулбеков менен Азамат Абдыкалыков дайындалды.

Мамлекеттик бажы кызматын буга чейин жетектеп келген Самат Исабеков башка кызматка которулганына байланыштуу бошотулган.