Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков отставкага кетти

Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков отставкага кетти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалым болгондой, Самат Исабеков башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Ошондой эле Бажы кызматынын жетекчисинин эки орун басары — Кыялбек Мукашев менен Кубаныч Шатемировдун кызматтан кеткени кабарланды.