Депутат Бакасов: «Мекенчил» тобу Бишкек мэрин кызматтан алуу боюнча сунуш келтирди»

«Бишкек мэринин кызмат ордун караш керек». Бул тууралуу депутат Улан Бакасов билдирди.

«Жумуштан кетириш керек. Себеби, мэр «Мекенчил» депутаттар тобунун лидери Элмурза Сатыбалдиевди сыйлабай жатат. Биздин лидерди сыйлабаганы бул бизди сыйлабаганга жатат. «Мекенчил» тобунун бардык депутаттары мэрди кызматтан кетирүү сунушун беребиз», — деди ал.