Бакчадагы баланын тамак маселеси. Нурланбек Шакиев: «Бул маселе парламент тарабынан каралат»

Кечээ, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Талас облусундагы иш сапары Бакай-Ата районунда уланды. Алгач төрага Кызыл-Октябрь айылында жайгашкан Жамиля Сооронкулова атындагы бала бакчанын абалы менен таанышты. Аталган бала бакча 1990-жылы курулган Султаналы Кушубеков атындагы мектептин имаратынын бир бөлүгүндө орун алып, азыркы тапта анда 170 бала тарбияланат. Имараттын абалы канаттандырарлык болгону менен капиталдык оңдоп түзөөгө муктаж. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча 36 миллион сом керек. Анын 12 м иллион сому республикалык бюджеттен бөлүнүп, берилген.
Нурланбек Шакиев бала бакчанын тарбиячылары менен баарлашып, билим берүү тармагын өнүктүрүү багытында жасалып жаткан иштер тууралуу учкай кеп кылды. “Коррупциялык жагдайда менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараттары кайтарылып, жаңылары да салынууда”, – деди төрага. Муну менен катар бул бала бакчанын абалы тууралуу депутат Русланбек Жакышов парламент жыйынында көп жолу көтөргөнүн эске салып, керектүү каражатты убагында бөлүү маселесин коштоп барган тийиштүү мекемелердин өкүлдөрүнө табыштады.
Андан соң Нурланбек Шакиев Бакай-Ата жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 1962-жылы курулган авариялык абалдагы имаратын көрүп чыкты. Мекеменин жетекчилеринин айтымында жаңы имарат куруу пландалганы менен долбоорун иштеп чыгууда бюрократиялык жагдайлар тоскоолдук жаратып келет. Андыктан аталган маселени чечип, 100 орунга ылайыкталган үч кабаттуу дарылоо мекемесинин курулушун ыкчамдатуу талабын койгон төрага: “Акыркы эки жылда мамлекеттин казынасы үч эсе көбөйүп, кийинки жылдын бюджети 657 миллиард сомдун тегерегинде бекитилери күтүлүүдө. Андыктан, каражатты майнаптуу пайдаланып, калк турмушуна керектүү социалдык мекемелердин курулушун кечеңдетпей бүткөрүү керек”, – деп кошумчалады.
Мындан сырткары Нурланбек Шакиев кийинки жылы дарыгерлердин айлык маянасын көтөрүү пландалганын маалымдады. Аталган айылдын тургундары менен да баарлашкан төрага бала бакчалардын тарбиялануучуларынын тамак-ашын ата-энеси төлөшү керек деген сунушка карата элдин нааразычылыгын угуп, аталган маселе парламент тарабынан караларын билдирди.