«Бакиевчи кадр» деп атыккан дайындоонун бири кетип, бири калды

“Бакиевдердин кадрлары кызматка келип жатышат” деп сынга кабылган айрым кадрдык дайындоолорго өзгөрүүлөр кирип жатат.

20-октябрда Бишкек шаарынын башчысы Азиз Суракматов отставкага кеткенин жарыялап, ордуна биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев калган. 2008-2010-жылдары Курманбек Бакиевдин тушунда Бишкектин мэри болгон Түлеевдин кайрадан кызматка келип калышына нааразы жарандар кечээ митингге чыгышкан. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кечээ телеканалга берген маегинде Түлеевдин мэрияга барып калганын билбегенин, ага көрсөтмө бербегенин айткан. “Нариман Түлеев менен сүйлөштүм, ал кызматтан кетүүгө сөз берди” деди Жапаров. Бүгүн Нариман Түлеев мэрдин милдетин аткаруучулуктан баш тартканын жарыялады. Бирок коомчулукка карата кайрылуусунда “мен кайтып келүү үчүн кетип жатам” деп жазган Түлеев.

Дагы бир талкууга түшкөн дайындоо “Манас” эл аралык аэропортуна жетекчи болуп барып калган Бактыбек Сыдыков болгон эле. Ал да бул кызматтагы жаңы адам эмес, 2007-2010-жылдары аэропортту башкарып турганы маалым. Белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковдун уулу Бактыбек Сыдыков парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер болгон. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бул боюнча Бактыбек Сыдыковго “жаштар кызматка келиши керек, сиз кетиңиз” деп айтканын билдирген.

Буга карабай бүгүн Бактыбек Сыдыков журналисттерге берген комментарийинде кызматтан кетүү ниети жоктой. “Менин дайындалышымды Бакиевдерге байлап коюшуптур, бирок алар менен менин эч кандай байланышым жок. Мен өкмөт башчыны буга ишендирдим” деген Сыдыков. Баса, Бишкек мэриясынын алдында өткөн митингдей эле бүгүн “Манас” аэропортунда да нааразычылык акциясы болуп өттү.

Сыдыковдун сөзүнөн улам, Садыр Жапаровдун реформа кылуу аракетине кайсы бир күчтөр же адамдар терс таасир тийгизип жаткандай сезилет. 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо “Биримдик” жана Бактыбек Сыдыков талапкер болгон “Мекеним Кыргызстан” партияларынан улам элдик толкундоолор келип чыкканы баарына белгилүү.