Бакиевдин бир тууганынын жардамчысы тышкы иштер министринин орун басары болду

2010-жылы 7-апрелдеги төңкөрүштө бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Адылдын жардамчысы Айбек Артыкбаев өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин башчысынын орун басары болду. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каржаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Айбек Артыкбаев Ош технологиялык университетинин экономика факультетин аяктаган. Ошондой эле, ал Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын дипломуна ээ.

Аны менен катар Айбек Артыкбаев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясында «Мамлекеттик башкаруу магистри» академиялык даражасын алган. Жана ал Англияда англис тили жана бизнес менеджменти боюнча окуусун ийгиликтүү аяктап, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын да аяктагандыгы айтылды.

Ошондой эле Артыкбаев жыйынтыгы БШК тарабынан жокко чыгарылган 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо президент Садыр Жапаровдун «Мекенчил» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан.