Бактибек Анаркулов Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды

Анаркулов Бактибек Кочкорович Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Анаркулов 2017-жылы өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулган.