Бактыбек Калмаматов: «Акаевди, Бакиевди, Жээнбековду деле дос-тууганы бийликте сактап калган эмес. Жапаровдо башкача болуп кетеби?»

SUPER TV каналына маек берген Бактыбек Калмаматов Садыр Жапаровду «президенттик жарышка адилетсиз жүрүш менен жол тартты» деп сынга алды.

«Досу Камчыбек Ташиев УКМК төрагасы, Курманкул Зулушев башкы прокурор, Талант Мамытов президенттин милдетин аткаруучу… Бийликтин баарын бир уучуна чогултуп алып, анан шайлоого чыкса эл анын адилеттигине ишенеби? Айдар Акаев, Бермет Акаев, Майрам Акаева деле Акаевдин бийлигин сактап кала алышкан эмес, Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев, уулу Максим Бакиев анын бийлигин сактап калышкан эмес. Атамбаевде, Жээнбековдо деле ошондой болгон. Анан Жапаровдо башкача болуп кетеби?», — деп суроо салат, саясатчы.

Маекти толугу менен ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPER TV YouTube каналынан көрө аласыздар.