Бактыбек Калмаматов: «Бүгүн адамдарга Конституция эмес, тамак-аш кызык. Баалар асмандап кетти»

Саясатчы Бактыбек Калмаматов «Саясий коктейлдеги» маегинде учурдагы бийликке келгендерди «Алдыда эч нерсени көрбөйт, жеткен акылдары Конституцияны өзгөртүү» деп сындады.

«Эл өзгөрөбүз деп Жээнбеков деген аялдамадан кеткен. Ак үйдү бир тегеренип келгичекти Жээнбековдун ордуна Жапаров деген банерлерди илип коюшту дагы биз башка аялдамадабыз деп алдап жатышат. Эми, биз, саясатчылар көз боёчулукту токтотушубуз керек да?! Анан дагы биздикилерде келгендердин жеткен эле акылы — Конституцияны өзгөртүү. Бул — алдыда эч нерсени көрбөй жаткандын белгиси. Бүгүн адамдарга Конституция эч канчалык кызык эмес. Бүгүн адамдарга тамак-аш кызык. Эшикте тамак-ашка болгон баа асманга жетип калды», — деп нааразы болду.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүңүз.