Бактыбек Калмаматов: «Бүгүн биз колдонуп жаткан Конституция Текебаевдики эмес, ал Атамбаевдики»

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында депутат болгон саясатчы Бактыбек Калмаматов SUPER TV каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө конокто болду. Саясатчы учурда Өмүрбек Текебаевге карата каралоо аракети болуп жатканына токтолуп, мындай аракеттерди сынга алды. «Бүгүн биз колдонуп жаткан Конституция Текебаевдин Конституциясы эмес. Бул Конституция 2010-жылы кабыл алынганы менен 2016-жылы Атамбаевдин колу менен өзгөртүлгөн. Бул — Атамбаевдин Конституциясы«, — дейт ал.

Маекти толугу менен ЖАҢЫЛЫКТАР-SUPER TV YouTube каналынан көрө аласыздар.