«Муну шайлоо деп айтканга болбойт. Эки дос парламентти тең экиге бөлүп алды». Бул тууралуу «Азаттык» партиясынан депутаттыкка талапкер Бактыбек Калмаматов БШКнын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
«Мамлекетти минтип башкарганга болбойт. Ушул шайлоодо кетирилген кемчиликтер үчүн өкмөт толугу менен оставкага кетиши керек (ред. Министрлер кабинети). Шайлоо жокко чыгарылышы зарыл. Шайлоо кантип бурмаланганын элдин баары көрдү. Азыркы иштеп жаткан парламент легитимсиз. Булар өзүлөрүнүн иштөө мөөнөтүн өздөрү узартып алган. Жаңы Конституция кабыл алынган соң, жаңы президент шайланышы керек. Демек азыркы президент да легитимсиз», — деди ал.
Анын айтымында, ушул шайлоонун аркасында легитимдүү парламент келиши керек болчу.