Бактыбек Калмаматов: «Элдик толкундоолорго кайсы бир деңгээлде себепчи болуп калганыма ыңгайсыз болуп жүрөм»

SUPER TV каналынын»Саясий Коктейль» берүүсүнө маек берген экс-депутат Бактыбек Калмаматов «элдик толкундоолорго кайсы бир деңгээлде себепчи болуп калганыма ыңгайсыз болуп жүрөм»,- деп билдирди.

«Бүгүнкү күндө бир дагы саясий топ, саясий партия, жадакалса ошол элдик толкундоонун натыйжасында бийликке келген адамдар дагы ошол 5-6-октябрда болгон окуяларга юридикалык статус берише элек. Эмне деп беришерин да билишпейт. Революция, элдик төңкөрүш дейин десе Сооронбай Жээнбековдон башка эч ким кеткен жок. Сооронбай Жээнбеков менен Садыр Жапаров гана орун алмашты. Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт деген даана ушул кыргыз саясатында болду. Эл 5-октябрь күнү адилетсиздикке каршы, коррупцияга каршы, люстрация болсун деп чыккан. Балтабай же Тешебай кызматка келсин деп эмес. Бүгүн президенттин «юротделине» айланып калган, биз атынан айтпай «чимкирик» деп калган Жогорку Кеңеш өлкөнү башкарып, ошолордун бири президенттин милдетин аткарып жатат. Эмне өзгөрдү? Эч нерсе. Кечээ Сооронбай Жээнбековду аңга түрткөндөр бүгүн Садыр Жапаровду тегеректеп, бизге кантип жашоо жөнүндө, арам менен адалдын айырмасы жөнүндө сабак өтүп жатышат. Мен азыр кайсы бир деңгээлде ошол иштерге (ред. 5-октябрдагы элдик толкундоо) себепчи болуп калгандыгым үчүн осол болуп, ыңгайсыз болуп отурам«,- дейт, Калмаматов.

Видеону толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.