Бактыбек Калмаматов: «Жогорку Кеңештин 5-октябрдан тартып бүгүнкү күнгө чейинки бардык мыйзамдарын жокко чыгарыш керек»

«Жогорку Кеңештин 5-октябрдан тартып бүгүнкү күнгө чейинки бардык мыйзамдарын жокко чыгарыш керек. Ошол учурдагы убактылуу өкмөт, убактылуу президент болгондордун да мыйзамдуулугу өтө күмөн жаратат. Эмнеге? Анткени 120 депутат 5-октябрда эле элдин атынан чечим чыгаруу укугунан ажырап калган болчу«.

Мындай билдирүүсүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов SUPER TV каналына берген маегинде билдирди.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.