Калмаматов: «Президент шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо күнүн белгилеп бериши керек»

Президент азыр шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо күнүн белгилеп бериши керек. Мындай оюн бүгүн, 30-ноябрда «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып, «Азаттык» партиясынан депутаттыкка талапкер Бактыбек Калмаматов билдирди.

«Бул бизди саясий кризистен сактап калат. Эгерде «жок ушу менен эле кол санак кыла бергиле, бюллетендер турбайбы» десе, чыр чыгат. Эгер бийликтин жакшы ою бар болгон болсо, алар кайра шайлоону белгилеп бериши керек. Бирок бийлик мындай кадамга барбай турганынын 1-2 себеби бар. Анткени бийликтин 4 партиясы тең өттү. Мен муну юридикалык жактан далилдей албашым мүмкүн, бирок элдин баары Жапаров менен Ташиевдин экиден партиясы өткөнүн билет. Өткөндөн кийин алар кайра шайлоо кылбайт», — деди ал.