Калмаматов шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча: «Президентке убада бергендер артык кылам деп, тыртык кылып алышты»

Шайлоонун кандай бурмаланганын бүтүндөй эл көрдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып, «Азаттык» партиясынан депутаттыкка талапкер Бактыбек Калмаматов билдирди.

«Эң өкүнүчтүүсү муну башка мамлекеттер да көрдү. Эми муну жаап-жашырууга болбойт. Тилекке каршы президентке убада бергендер артык кылам деп, тыртык кылып алышты. Баамыбыз боюнча конкреттүү бир партияларга булар жасалма жол менен кошуп бараткан да. Ошондон улам пайыздык көрсөткүч 160ка чыгып кеткенде анан туура эмес кылып жатканын түшүнүштү. Кайра артка кесиш керек болду. Кескенде да оппозициялык партиялар кесилип кетти. Бул акылга сыйбагандай болуп калды. Ошондуктан биз өзүбүздүн күрөштү мындан ары улантуу үчүн, мыйзам чегинде кандай мүмкүнчүлүк берилген болсо, ошону колдонуп жатабыз. Тилекке каршы, бул маселе мыйзам чегинде чечилбери белгилүү болуп калды. Анткени шайлоонун адилеттүүлүгүнө кепилдик берген президент өзү 3 жолу чыгып, ушуга ынангыла деп жатат. Бирок шайлоонун таза өтпөгөнү даана көрүнүп калды», — деди ал.