Бакыт Сыдыков Экономика жана коммерция министри болуп дайындалды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сыдыков Бакыт Толомушевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, экономика жана коммерция министри болуп дайындалды.