Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин ордуна Бакыт Сыдыков убактылуу милдетин аткаруучу болуп бекитилди. Мындай буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Сыдыковдун талапкерлигин бекитүү үчүн Жогорку Кеңешке алып чыгышат. Ал ушул жылдын февралынан бери президенттин администрациясында Саясий жана экономикалык башкармалыкты жетектеп келген.
Мурдагы Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп дайындалган.