Бакыт Төрөбаев: «Атамбаев бизди көп нерсеге үйрөттү»

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жана ушул эле партиянын лидери Бакыт Төрөбаев «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийинки Алмазбек Атамбаев экөөнүн диалогуна токтолуп өттү. «Ошол кезде Алмазбек Атамбаев бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп берип жаткан. Бул чындыгында мактоого татыктуу нерсе. Орто-Азияда мындай көрүнүш бизде гана болду. Ал бизди катуу сындап келди, көп нерсени үйрөттү. Ошондон улам айтылган сөз эле, «дары болсун» дегени бираз шылдыңга алынып кетти. Бирок «Төрөбаев Атамбаевдин дарысынан кийин өчүп калды» деген кептерге кошулбайм. Агрессивдүү оппозиция болбосок да биз иштеп келе жатабыз»,- дейт ал.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.