Бакыт Төрөбаев: «Бабанов менен тандем түзгөнүмө өкүнбөйм»

Жогорку Кеңештин 3 жолку депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев «Саясий коктейль» берүүсүндө кеңири маек берди. Ал 2017-жылы бийликтин талапкерине каршы Өмүрбек Бабанов менен бириккенине өкүнбөй турганын айтат. «Биз рейтингдерди карап жатканбыз. Эң алдыңкы рейтинг Бабановдо болчу. Аны менен тандемде бийликтин талапкерине каршы чыгуу мен үчүн чоң сыноо, жакшы тажрыйба болду. Биз утулуп калган соң кимдин ким экенин көрдүм. Мен Бабановдон көп нерсени үйрөндүм»,- дейт Төрөбаев.

Маектин толук версиясы шилтемеде.