Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун фермерлери жана сүт продукциясын өндүрүүчүлөр менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун фермерлери жана сүт продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен тегерек стол форматында жолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын катышуучулары айыл чарба тармагындагы учурдагы көйгөйлөрдү, анын ичинде сүт алуу, анын сапаты жана баасы боюнча фермерлер менен кайра иштетүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн учурдагы абалды талкуулашты. Тараптардын ортосунда сүттү кабыл алуу жана анын сапатын баалоо боюнча бирдиктүү стандарттар жок, бул көп учурда талаш-тартыштарды жаратканы белгиленди.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча кызыкдар тараптардын катышуусунда эки жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Биринчи жумушчу топ кайра иштетүүчү ишканалар менен продукцияны тапшыргандардын ортосунда сүттү кабыл алуу жана анын сапаты боюнча стандарттарды түзөт. Экинчи жумушчу топ фермерлер менен продукция тапшырган адамдардын ортосунда түзүлөт, топ өз ара иштөө эрежелерин жана шарттарын аныктайт.

Сүт тапшыруучулар кайра иштетүүчү ишканалардын сүттүн сапаты боюнча лабораториялык жыйынтыгына ишенбей жаткан учурларды эске алуу менен Ветеринардык кызматка мындай талаш-тартыштарга ыкчам реакция жасап, сүттүн сапатын изилдөө жана баалоо жүргүзүүсү боюнча тапшырмалар берилди. Мындан тышкары, тармактык ведомстволорго фермерлер үчүн мал чарбачылыгына кам көрүү боюнча маалыматтык роликтерди даярдоо тапшырмасы берилди.