Жогорку Кеңештин жыйынында бүгүн болгон талкууларды улай
«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери
Бакыт Төрөбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу депутат
Жанар Акаевге жооп кайтарды.
«Көчөгө чыгып кыйкырып, ызы-чуу кылбай, парламентте талаш-тартыш, талкуу болуп турганы жакшы. Ар бир депутаттын өзүнүн пикири, көз карашы бар. Аларды сыйлайбыз. Айрым кесиптештер Консититуцияга жамынып, өздөрүнүн бийликке болгон тарынычын айтып жатат. Алар популисттик идеяларды айтып, элдин көңүлүң башка жакка буруу аракетин көрүүдө. Баарына эл тараза. Куру кыйкырык курсак тойгузбайт. Кимибиз реалдуу иштерди жасап, кимибиз популизм менен алек болуп келе жатабыз, анын баарын коомчулук көрүп турат. Кандай маселе болсун эл чечет. Популисттик куру кыйкырык, ишти эч качан алдыга жылдырбайт»,- дейт Төрөбаев.