Бакыт Төрөбаев: «Мирлан Бакировду мен өстүрдүм»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнө маек берген саясатчы Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин вице-спикерлигинен Мирлан Бакировдун эмне үчүн кеткенине токтолду. «Ал мага келип, ыраазычылыгын айтып, фракциядагы башка адамдарды да өстүрөлү деп сунуштады. Вице-спикерликтен кетүү тууралуу арызын 17-декабрда жазган эле, кечээ, 22-декабрда жарыяладык. Негизи Мирлан Бакировду мен өстүрдүм. Биз өндүрүштө иштеп жүргөндө ал Орусия менен Казакстандан келген буудайды чек арадан алып кирүү иштери менен алек болчу. Мен саясатка кеткенде аны ири компанияга жетекчи кылганбыз. Андан соң Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келишине көмөк кылдык. Андан соң комитет башчылыгына, кийин вице-спикерликке сунуштап өстүрүп келдик. Бир учурларда, балким Бабанов менен тандемде президенттик шайлоого катышып, утулуп калганыбызда «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын келечеги бүттү деп ойлогондур… «Мекеним Кыргызстанга» кетерин мага чечим кабыл алынган соң аягында айтты. Угушумча аны Сооронбай Жээнбеков чакырып «Мекеним Кыргызстанга» төрага бол деп сунуштаптыр»,- дейт Бакыт Төрөбаев.

Маектин толук версиясы шилтемеде.