Бакыт Төрөбаев: «Улуттук банкта 45 тонна алтын турат, тышкы карызды жаап койсо болот»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо «Баягыда бир киши «эгер чындап көңүлү келсе, бир киши Кыргызстандын тышкы карызынан 1 күндө кутулуп коёт» деп айтты эле. Ушул чынбы?» деген суроо салды.

Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жооп берди. «Тышкы карызды жабуунун өзүнүн жоболору бар. Жаап келе жатабыз. Улуттук банкта 45 тонна алтын турат. Ушул сизге жооп да. Аны долларга айландырсак, 3 миллиардга жакын болот. Жаап койсо болот, бирок анын кереги жок да», — деди ал.