Бакыт Төрөбаевге төш белги берип, калпак жана чапан менен узатышты

Кечээ, 24-февралда Бакыт Төрөбаевге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев “Айыл чарбасынын отличниги” төш белгисин тапшырды. Төш белги Бакыт Төрөбаев эмгек жамаат менен коштошуу учурунда ыйгарылды.

Ошондой эле Эрлист Акунбеков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Аны Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев коллективге тааныштырды.