Бакытбек Марипов: «Мени жаңы премьер эмес, өкмөт башчы болуп турганда Садыр Жапаров бекиткен»

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеш Улукбек Марипов баштаган жаңы өкмөттүн курамын шайлады. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жаңы премьер-министрдин бир тууган иниси, Ноокат райондук администрация башчысы Бакытбек Мариповго «Агаңыз өкмөт башчылыгына келди. Кызыкчылыктардын кагылышын жаратпаш үчүн акимдик кызматтан кетесизби?» деген суроо менен кайрылды.

«Мени райондук администрация башчылыгына бүгүн шайланган премьер-министр Улукбек Марипов эмес, 2020-жылдын 13-ноябрында, ошол кездеги өкмөт башчы Садыр Нуркожоевич Жапаров дайындаган. Акимдик кызматка келгени, биз районду өнүктүрүү боюнча иш-планыбызды бекитип, азыр ошонун үстүнөн иштеп жаткан кезибиз. Илгерки заман болсо, балким, финансылык кызыкчылыктардын кагылышы жаралат деп чочулоого болмок. Азыр өзүңүздөр билгендей, финансынын да, бийликтин да баары жергиликтүү башкарууда, баары айыл өкмөттөрдүн өзүндө жана өкмөттө. Андыктан, жанагыдай чочулоого негиз жок. Мыйзам артка иштебейт да»,- деп билдирди Бакытбек Марипов.