Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы, барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмү жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда кол койду.
1) 4-балага – 100 000 (жүз миң) сом;
2) 5-балага – 600 000 (алты жүз миң) сом;
3) 6-балага – 800 000 (сегиз жүз миң) сом;
4) 7-балага – 1 000 000 (бир миллион) сом;
5) 8-балага – 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом;
6) 9-балага – 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом;
7) Онунчу жана андан кийинки балага – 2 000 000 (эки миллион) сом.
Буйрукта көрсөтүлгөндөй, “Бала Береке” төлөмү бала бир жашка чыкканда төлөнөт жана аны дайындоодо райондук коэффициент колдонулбайт. Ошондой эле өлкө башчысы Министрлер кабинетине 6 айдын ичинде “Бала Береке” төлөмүн каржылоо булактарын табууну тапшырышты.
Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы,барууга кыйын зоналар
Кыргызстандын кайсы райондорун камтыйт.