«Балакай баатыр болбосун». Шакиев Байсаловдун депутаттарга карата обу жок сөздөрдү айтканга укугу жок экенин айтты

«Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын парламентке ыксыз, обу жок, шакаба сөздөрдү айтканга эч кандай укугу жок», — деди бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурлан Шакиев. 

Ал Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, Эдил Байсаловду тартипке чакырышы керектигин айтты. «Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттин дарегине аябай катуу сындарды шакаба катары айтыптыр. Ушундай учурда парламент сөзсүз реакция жасашы керек. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын парламентке ыксыз, обу жок, шакаба сөздөрдү айтканга эч кандай укугу жок. Парламентке акыл үйрөтүп, кандай иш кылыш керектигин үйрөтө турган ал жигит эмес. Ал капталдан чыккан бир балакай баатыр боло бербесин. Парламенттин ички иши, регламенти бар. Бул жерде эл шайлаган депутаттар отурат. Биздин үстүбүздөн шылдыңдап, күлгөнгө этика да жол бербейт. Ошол үчүн Акылбек Жапаровго да кайрылат элем, тартипке чакырып койсун», — деди депутат.