«Балам, аянтта тынч эмес экен кетип калчы» деп апам чалган». Кадырбеков Апрель окуясын эстеди

«Ошол күнү апам чалып, «балам, аянтта тынч эмес экен го, кетип калчы» деп айтты. Мен «бара берейинчи, жакындап калдым» дедим». Бул тууралуу мурдагы Маданият министри Нуржигит Кадырбеков СуперТВ телеканалындагы Октябрь окуяларына байланышкан эфиринде билдирип, 2010-жылдагы Апрель окуясын да эске салды.

«Апанын өкүмүн аткарыш керек экенин билем. Ичим күйүп, аралашкым келип, бирок оң жакка бурулуп кеткем. Мен кийин билдим да, четте карап тургандарга деле ок жарылып, көзү өтүп кеткендер болгон турбайбы. Ошол үчүн ата-эненин сөзүн угуш керектигине дагы бир жолу ынангам», — деди ал.