Балбак Түлөбаев ишин эки орун басарын кызматтан бошотуу менен баштады

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка бүгүн премьер-министр Садыр Жапаров кол койду жана Түлөбаев Бишкек шаарынын мэри шайланганга чейин борбор калааны жетектейт.

Жаңы мэрдин милдетин аткаруучусу жамаатка тааныштырылып, андан көп өтпөй эле Балбак Түлөбаев ишин эки орун басарын кызматтан бошотуу менен баштады. Митингдер да көпкө күттүргөн жок, мэриянын алдында Түлөбаевди колдогон да, анын кызматка дайындалышына каршы чыккандар да чогулушту. Кийин тарап кетишти.

Балбак Түлөбаев Бишкек шаар башчылыгында буга чейин мэриянын аппаратынын башчысы болгон. Бул кызматты аркалап жатканда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалган. Кечээ Түлөбаев “Башка ишке которулганы жатам, ошол үчүн облус башчылыктан кеттим. Шаар башчылыгын жетектөөнү президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров сунуштады. Ал  мэрдин жаңы шайлоосуна чейин жана абал турукташканга дейре мэрияда иштеп бер деди. Жапаровдун командасы адегенде президенттин иш башкармалыгын сунуш кылган эле, бирок борбордо кырдаал оор болуп турат” деп журналисттерге билдирген.