Балбак Түлөбаев: «Садыр Жапаров Бишкек мэри болуп иштеп бер деди»

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарат. Соңку апта ичинде аталган креслону Азиз Суракматов бошоткондон бери Нариман Түлеев жана Төрөхан Жунусбековдун ортосунда кызмат үчүн күрөшкө чекит коюлбай жаткан.

Түлөбаевдин борбор калаанын башчылыгына келгенин билдирген Түлеев кызматтан дүйшөмбү күнү, 2-ноябрда расмий түрдө отставкага кетерин жарыялады. Буга чейин эле анын мэриядагы кызматка келип калышына болуп өткөн нааразычылык митингдерден улам биринчи вице-мэрликтен кеткенин жар салган Нариман Түлеев кечээ ал арызын кайтарып алганы маалым болгон эле.

Балбак Түлөбаев Бишкек шаар башчылыгында буга чейин мэриянын аппаратынын башчысы болгон. Бул кызматты аркалап жатканда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалган. Кечээ Түлөбаев “башка ишке которулганы жатам, ошол үчүн облус башчылыктан кеттим” деп  журналисттерге билдирген.

Ал эми Бишкек мэринин милдетин аткаруу жүгүн алып жатканы тууралуу Түлөбаев мындай деди: “Шаар башчылыгын жетектөөнү президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров сунуштады. Ал  мэрдин жаңы шайлоосуна чейин жана абал турукташканга дейре мэрияда иштеп бер деди. Жапаровдун командасы адегенде президенттин иш башкармалыгын сунуш кылган эле, бирок борбордо кырдаал оор болуп турат”.