Балбак Түлөбаев: «Акылбек Жапаров ар кандай фонддорду ачып, бюджеттик акчаны каалагандай калчап жатат»

«Акылбек Жапаров ар кандай фонддорду ачып, бюджеттик акчаны өзү каалагандай калчап жатат». Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Бизге мактап жатып, «Улуу көчмөндөр мурасын» алып келди. Эмне болду? Эми «Кыргыз индустриясын» алып келип жатат. Ал кандай? Мамлекетке логистикалык фирманын эмне кереги бар, мык чыгарган фирманын эмне кереги бар? Ошол миллиард сомду кичи бизнеске насыя берип койсо, мыкты чыгарат эле да», — деди ал.