Балбак Түлөбаев алтын чуусу боюнча: «Ары же бери бололу»

Депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында «Кумтөрдөгү» алтын боюнча кеп кылып, түзүлгөн комиссиянын төрагасынан маалымат алууну сунуштады.

«Ары же бери бололу да. Күтө беребизби? Баягыда кырылып жаттык эле. Төраганы жана анын орун басарын шайлоо үчүн кылдыкпы? Эл күтүп жатат. Былтыркы, быйылкы 10 айдын алтыны кайда? Ошону тактап, коомчулукка чыгарып коелу», — деди ал.