Балбак Түлөбаев чек арадагы кол салуу боюнча: «Коркунуч дагы алдыда…»

Тажикстандын кол салуусунан 59 кыргыз жараны шейит кетти. Мындан улам депутаттарга «Бул окуядан улам бийликке койгон талабыңыз жана жардамыңыз эмне болот?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Балбак Түлөбаевдин айтымында, чоң балекеттен калдык. «Эгер мурунку чечимдер кабыл алынбаганда, Лейлек менен Баткенди алдырып коймокпуз. Дагы кемчиликтерди карап алдыга жылышыбыз керек. Кыскасы, коркунуч дагы алдыда, кеткен жок алар. Ошол үчүн алдыда дагы көп нерсе кылуу зарыл», — деди ал.