10 күн мурда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Кемпир-Абад Өзбекстанга өтө турган макулдашуунун долбоорун карап, добуш беришкен. Бирок бул чечимге ошондон бери комитеттин төрагасы болгон Чыңгыз Айдарбековдун кол койбой жатканы талкуу болуп жатат. Бүгүн ал комитет төрагалыгынан алынды. Мындан улам, бул тартыш маселенин тегерегинде депутаттарга суроо бердик.
Депутат Балбак Түлөбаев комитетке келген кагаздарды карап, толук эмес болсо, күн тартипке коймок эместигин айтты. «Күн тартибине койдуңбу, өзүң каршы добуш бер да чечимге кол кой. Бул регламентте жазылып турат. Иштөө принциби ошондой. Кагазды колуна албай туруп, эмнеге күн тартибине киргизди билбейм»,- дейт ал.