Балбак Түлөбаев: “Жакында ЖК депутаттарынын мыйзамсыз иштерин угасыңар!”

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев коомчулук жакында Жогорку Кеңештин депутаттарынын мыйзамсыз иштери ачыкка чыгараарын бүгүн, 8-февралда өткөн Бишкек шаардык кеңештин жыйында билдирди.

Анда ал, “Бардык нерсенин өз убактысы бар. Бир күнү баары ачыкка чыгат деп айткан”.

«Кээ бир депутаттар мыйзамдарды окушпайт, саясий иштерге кийлигишет, туура эмес тапшырмаларды беришет. Мен өзүмдүн гана жумуш берүүчүмө баш ием. Ал – Бишкек шаардык кеңеши. Жогорку Кеңеш менен шаардык кеңеште борбор калаадагы бизнестерге тиешеси бар депутаттар отурат. Алардын кээ бирлери мыйзамсыз иштер менен алектенишет. Жакында Жогорку Кеңештин депутаттарынын мындай аракеттерин сиздерге көрсөтүп беребиз»,деди Түлөбаев.